Коом

Ахматбек Келдибеков: Баардык нерсени “жашап” ичинен көргөндү жактырам

— Өмүрүңүздө каап, ушуну жасабапмын деп өкүнгөн жагдайлар болдубу?

— Ѳкүнүүлѳр ар бир адамда болот. Жашоо ошонусу менен кызык. Жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы өмүр деп билсек, демек, биз анын баасын да, баркын да таразалай алышыбыз керек… Анткени, тирүүлүктүн ѳзү бакыт. Ошондуктан ѳткѳнгѳ кылчайып ѳкүнѳ бергенди жактырбайм.

-Улуттук оюндарга кызыгасызбы?

-Кызыгам. Абалак кармап чүкѳ чертип ордо оюнун жакшы ойнойм. Ат жалында ойногон кѳчмѳн элдин кулуну катары эңишти, кыз куумайды жактырам. Элибиз эрендердин эр оюну деп баалаган аламан улакка түшүп жүрѳм.

Чынын айтсам мен “Кѳк бѳрүнү” да элге окшоп стадиондо трибунага чыгып кѳрбѳйм. Атайын атымды алып барып, запаста турган кѳк бѳрүчүлѳр менен ат үстүндѳ кѳрѳм. Мына ошондо ѳзүм аралашып жүргѳндѳй, кѳк бѳрү ойноп жаткан улакчыларды сүрѳѳнгѳ алып, алар жыгылса, ѳзүм жыгылгандай болуп, аттардын кыйналганын, онтогонун ал гана эмес дем алганына чейин угуп аралашып кѳрѳм. Мен баардык нерсени “жашап” ичинен көргөндү жактырам.

-Ар бир адамдын кѳѳдѳнүндѳ бир сагыныч жашайт дешет…

-Кайда жүрбѳйүн, карегимде Ата-Журтумдун элеси, кѳѳдѳнүмдѳ туулган жерге болгон кусалык, сагынычым жашарын жашыргым келбейт. Ошондой эле менин жүрѳгүмдѳ Кыргызстаныбыз ѳнүгѳт, элибиз бакубатчылыкта жашайт деген терең ишенич жашайт.

Серепчилер 2020-жылы эң кымбат, кызуу шайлоо болот жер жар салышууда…

-Бул шайлоо ѳзгѳчѳ күчтү талап кылган, аламан байгедей болот мен дагы ишенем. Бирок, бул жолу акча менен элдин ишенимине ээ болобуз дегендин ѳзү –жаңылыштык деп эсептейм. Анткени, мурдагыдай добуш сатып алуу үчүн кѳп каражат жумшоо ѳз жемишин берет деп мен ишенбейм. Канчалык акча чачылбасын, эл ѳзү ишенген, ѳзү тандаган талапкерлерди сүрѳѳп маарага чыгарат деп ойлойм. Себеби, таза шайлоо ѳткѳрүү элдин гана колунда.

Булак: Жетиген

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button