Коом

«Ташболот Холдинг» компаниясынан коронавируска каршы көрсөтүлгөн жардамдар

Дүйнөнү титиреткен короновирусту жеӊүүгө, муктаж адамдарга жардам берүүгө элибиздин далай белдүү уул-кыздары өз салымдарын кошуп жатышкан мезгил. Алардын арасында «Ташболот Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомдун жамааты да бар.

Борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсү «Ата-Журт башына оор күн түшкөндө дайыма биргебиз» деген чакырык менен жардамга келди. Алар республика боюнча 10 000 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын таркатышты. Нариман Ташболотовичтин кызы берилген жардамдын сүрөт-видеолорун социалдык тармактарга жарыялады. Ал эми Бишкек мэриясына 2000 баштык азык-түлүк берилген. Берилген жардамды мэрия муктаж үй-бүлөлөргө таратат.

Буга чейин Түлееев медициналык кызматкерлердин фондуна борбор калаанын чок ортосунан бир бөлмөлүү батир берип, курулуш компанияларынын арасында челлендж жарыялаган.

Коронавирус менен күрөшүүдө түзүлгөн кырдаалдан, экономикалык көрсөткүчтөр менен бизнестин түшүшүнөн көптөгөн үй-бүлөлөр жапа чегүүдө. Ал эми медициналык кызматкерлер кооптуу топтогуларга кирди, себеби алар бейтаптарды айыктыруу менен алектенип жатып, өздөрү дагы илдетке чалдыгууда. Учурда алардын саны 185 жетти.

“Бактыга жараша четте карап турбай жардам кылган кишилер бар. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мурдагы мэри калк арасында дагы деле сый-урматка татыктуу. Ал өзүнүн мисалында медициналык кызматкерлердин фондуна бир бөлмөлүү, бардык ремонту жасалган батирди берек кылып, курулуш компаниялар арасында челлендж баштады”, — деп жазды интернет колдонуучулардын бири.

Тилекке каршы, бүгүнкү күнү анын жолун жолдогон бир дагы курулуш компаниясы чыга элек. Ошентсе да медициналык кызматкерлерге бериле турчу бир батир бар. Андыктан, мындай эр азаматтар бар экен, эртеңки күнгө болгон ишеним жоголбойт. Адамгерчилик сапаты тирүүлүктү улантат.

Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок, чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз.

Булак: elgezit.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button