Коом

Кыргызстанда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат

Кыргызстанда 1-январга чейин 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Учурда мекеме өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Белгиленгендей, мамлекеттик дарыканаларда препараттар жеке дарыканаларга караганда арзан болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров Чүйдөгү Орок айылында 35 миң орундуу жаңы стадиондун курулушуна капсула салды

 Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салды.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн токтотуучу жай бар. Стадиондун 5 кириши жана 3 көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, трибуналардын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот.

Азем катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы кыргыз эли эзелтен намыска бек, эрки күчтүү, кандан-бектен тайманбаган жоокер эл болгонун белгиледи. Көчмөн замандарда ат жалында жүрүп, улуттук оюндар, улуттук спорттун түрлөрү менен машыгып, Ата Мекенин коргоо үчүн эл-четинде, жоо бетинде турушкан.

“Бүгүнкү бейпилчилик заманда эр-азаматтардын эркин бүлөп, ден соолугун чыңоочу спорттун жаңы түрлөрү жаралды. Биздин уул-кыздарыбыз спорттун бир топ түрлөрү боюнча кыргыз байрагын эл аралык майдандарда бийик желбиретип келишет. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө спортко кызыккан, сергек жашоо образын карманган жарандарыбыз абдан көп. Футбол спортунун жүз миңдеген күйөрмандары “заманбап стадионубуз болсо” деген каалоо-тилеги көптөн бери айтылып келатты эле. Ушинтип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында кесипкөй футболчулардын, кыргыз футбол күйөрмандарынын, жалпы эл-журтубуздун кыялын ишке ашырууга кадам ташталды”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров заманбап стадион куруу жөнүндө жаштарга берилген убада аткарыларына токтолду. Жарандар жакынкы мезгилде жаңы, заманбап стадиондун ичинде ата мекендик футбол оюндарына күбө боло алабыз. Жеке эле өлкө ичиндеги командалардын оюндары эмес, эң жогорку даражадагы эл аралык мелдештер дагы өткөрүлөт.

Ошондой эле мамлекет башчысы буга чейин бир топ спорттук мелдештер, өзгөчө футбол оюндары көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлүп келгенин эске салды.

“Ал стадион боюнча дагы биздин пландарыбыз бар. Тарыхыбызда татыктуу орун ээлеген бул спорт объектисинин абалын жакшыртуу үчүн иш-аракеттер болот”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров жаңы стадиондун курулушуна Улуттук футбол курама командасынын чын жүрөктөн кубанганын өзгөчө канааттануу менен белгиледи. Маалым болгондой, улуттук курама команданын оюнчулары дүйнөнүн ар кайсы заманбап стадиондорунда ойноп, көздөрү күйүп, Кыргызстанда да ушундай стадиондор курулса деп кыялданышкан.

Президент жаңы стадиондун курулушу Азия чемпионатына даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына дем-күч берерине бекем ишенимин билдирди.

Соңунда мамлекет башчы кыргыз футболунда жакшы саамалыктар болуп жатканына токтолду.

“Атактуу “Барселона” футбол клубунун академиясы кечээ Жалал-Абадда ачылса, бүгүн дал ошондой академиянын пайдубалы Бишкекте түптөлдү. Көптөгөн футбол легендалары чыккан “Барселонанын” бул академиялары Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи болуп Кыргызстанда ачылып жатканын дагы бир жолу айта кетейин. Бара-бара бүтүндөй Кыргызстандын аймактарына ушундай академиялар ачылып, заманбап стадиондор курулат деген ишеничтемин!” — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде курулушу бүткөн дагы 35 үй колдонууга берилди

Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бүгүн, 2-февралда дагы 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды.

 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун атынан үйдүн кожоюндарына 100 миң сомдон акчалай белек тапшырган.

Белгилей кетсек, 18-январда курулушу аяктаган 30 үй пайдаланууга берилген.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

“Кумтөр” ЖАК Улуттук госпиталга 35 млн. сомдук нейрохирургиялык микроскоп тапшырды

Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскобу тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

35 миллион сомдук аппаратты «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому алып берген. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын айтымында, заманбап аппарат операциялардын сапатын жогорулатып, дарыгерлердин ишин жеңилдетмекчи.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жаткандыгы, жакынкы убакта Улуттук госпиталга магниттик-резонанстык томограф аппараттары орнотулары кошумчаланды.

Микроскопту тапшыруу аземине «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын вице-президенти Улукмырза Абакиров, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлери катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Тартип сакчылыгында 35 жылдан ашык кызматын өтөгөн Бакыт Матмусаевди ардактуу эс алууга узатышты

2023-жылдын 16-январь күнү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамы ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген, полктун командиринин кызматын аркалаган милициянын полковниги Бакыт Матмусаевди  салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.

“Бакыт Аманович, Сиз 35 жыл аралыгында катардагы милиционер кызматынан полктун командири кызматтарына чейин жеттиңиз. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз салымыңызды кошуп, көптөгөн жылдар боюу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында жооптуу кызматтарда иштеп, жогорку кесипкөйлүгүңүздү жана чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтө алдыңыз. Ошону менен катар, мыкты адистик чеберчилигиңиздин натыйжасында татыктуу шакирттерди тарбиялап, өздүк курам арасында бийик кадыр-баркка жана сыйга ээ болдуңуз. Сизге жаш кызматкерлерди тарбиялоого, атайын багыттагы полкунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн  ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – деп өз каалосун полктун командири милициянын полковниги Майрамбек Турсункожоевич билдирди.

“Милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес. Өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу милдети ар бириңердин колуңарда. Урматтуу кесиптештер, сиздер күн сайын коопсуздукту жана  укуктук тартипти камсыздаган кызматкерлердин биринчи катарындасыңар. Мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл-журтубуздун алдында берген антыңарга бекем туруп, ѳз милтеттериңерди так туура жана чоң жоопкерчилик менен аткаргыла” – деди ѳз сѳзүндѳ Бакыт Матмусаев.

Андан соң өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белек тапшырышты.  Бул салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.

 

ИИМдин Атайын багыттагы полктун Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте айт намазга 35 миңге чукул киши келди

Борбор калаадагы эски аянтка айт намазын окуу үчүн 35 миңге чукул киши келгендигин Бишкек шаардык милициясынан кабарлады.

Белгилей кетсек, 2020-2021-жылдары коронавирустан улам айт намаз мечитте гана окулуп келген.

Буга чейин мэрия аталган жерге 10 миңге чукул адам келерин божомолдогон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Талас облусуна Алтайдан 35 марал алынып келе жатат

«Бакубат Талас» фонду жана «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстан Алтайдан ала турган 35 маралдын чыгымын каржылады. Бул тууралуу «Альянс Алтын» кабарлады.

Ага ылайык, компания жаныбарларды сатып алууга 2,5 миллион сом бөлгөн.

«Маралдар Алтай Республикасынан алып келинип, тоолуу өрөөндөргө эркин кое берилет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбардын саны кескин азайып кеткени байкалган. Бул сатып алуулар маралдын санын көбөйтүп берүүгө көмөкчү болот», — деп жазылган маалыматта.

Компания мындай аракет президенттин 2022-жылды «Тоолуу экосистеманы коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо» жылы деп жарыялаган буйругун аткаруу жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгынын долбоорун колдоо максатында ишке ашырылып жатканы белгиленди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Таразда 35 жаштагы эркек кишини МРТ аппараты жутуп каза болду

Тараздагы клиникалардын биринде 35 жаштагы эркек киши МРТ аппаратынын ичинде каза болгонун казак басылмалары жазып чыкты.

Аппарат эркек кишини түзмө-түз ичине соруп, дагы бир 70 килограммдык аппарат менен жанчылып калган. Анын сөөгүн куткаруучулар кыйынчылык менен алып чыгышкан, деп билдирет КТК телеканалы.

Маркумдун жакындары кырсык болгон медициналык мекеменин кызматкерлерин жазалоону талап кылууда.

Каргашалуу окуя 19-мартта катталып, популярдуу клиникалардын биринде болгон, ал окуядан кийин дагы иштеп, бейтаптарды кабыл алууда деп айтылат маалыматта.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, эки куруучу МРТ аппаратын жылдырмак болушкан. Күтүлбөгөн жерден, 35 жаштагы жаранды токко сайылып турган МРТ аппараты ичине жутуп, ал эки бүктөлүп калган, ал учурда 70 килограммдык аппарат аны кысып калган. Дарыгерлер келгенде өлүмдү жарыялоого аргасыз болгон.

«Саат 13.00дөр чамасында «102» пультуна «Invivo» лабораториясында 35 жаштагы жарандын каза болгондугу тууралуу чакыруу түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Казакстан Республикасынын (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат”, — дейт  Жамбыл облустук полиция департаментинин башкармалыгынын басма сөз катчысы Гүлсара Мухтаркулова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Баткенде бажычылар 3,5 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик жүктү кармады

Баткенде бажычылар 3,5 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик жүктү кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун Галча айылында “Мерседес-Бенц 814” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүү учурунда жүк салынуучу бөлүгүндө Өзбекстанда чыгарылган тиричилик үчүн идиш-аяктар табылган. Жүктүн жалпы салмагы 8216,56 кг түзгөн жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок болгон.

«Э.О.» ЖЧК Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 3 млн 577 миң 420 сомду түздү.

Аталган факт КББР АДС МКЖда катталып, иш боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Темир жолдун 3,5 чакырым аралыгына темир-бетон шпалдар орнотулду

Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан рельстерде бир катар ар кандай оңдоо иштери мерчемделип, жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу ишкананын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.
Мисалы, өткөн жылы темир жолдо күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлүп, Кант-Ивановка тилкесинин 3811 чм, 3817 чм, 3818 чм, 3819 чм Фоссло бекиткичтери менен эскилиги жеткен жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарына алмаштырылган. Аткарылган жумуш 3,5 чм аралыкты камтыган.
Эске салсак, 2021-жылы «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 000 даана темир-бетон шпалдарын сатып алган.
Маалымат үчүн:
Жолдун үстүнкү конструкциясын жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары киргизилген. Бул чечим жол инфраструктурасын иштетүү убактысын көбөйтүүгө жана темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, аларга 612,5 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында өткөн «Бахус» рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, 612 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1 миң 520 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен;

— мас абалында автоунаа башкарган 35 айдоочуга 612 миң 500 сом айып салынды;

— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 14;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;

— башка жол эрежелерин бузуулар — 1 миң 460. Ар кандай эреже бузган 137 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМдин Академиясында 35 жыл мурда аяктаган курсанттардын жолугушуусу өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясында 35 жыл мурда аяктап кеткен курсанттардын жолугушуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага Академиянын начальниги Тариел Абитов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев, ошондой эле 1986-жылы аталган окуу жайды бүтүп кеткен ИИМдин жана СССР учурунда Красноярск, Иркутск, Хабаровск, Ыраакы Чыгыш ж.б шаарларынын ички иштер башкармалыктарында иштеп кеткен ардагерлер катышты.

Жолугушуу учурунда Тариел Абитов ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, аларды 35 жылдык маарекеси менен куттуктап өттү. Ал эми ардагерлер аталган окуу жайды бирге аяктап, кийин каза болуп калган жолдошторун эскерүү менен иш-чараны баштап, “Өз колубуз менен салган Академиянын эшигин ачып, кучак жая жылуу тосуп алганыңыздар үчүн рахмат” –деп Академиянын жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак бүгүнкү маарекенин ээлери ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясынын биринчи бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Алар 1984-жылы Академияга көчүп келгенден мурда милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда билим алышкан. Ардагерлердин айтуусу боюнча алар түшкө чейин окуп, түштөн кийин дал ушул Академиянын курулуш иштерине жардам берип эмгектенишкен.

Ошентип, алар Академияга көчүп келип, бүтүп кеткен алгачкы бүтүрүүчүлөрү болгон. Иш-чаранын жыйынтыгында ардагерлер өздөрү алып келген белегин Академиянын жетекчилигине тапшырып, андан соң окуу жайдын ичи менен таанышып кайтышты.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 10-майда саат 16:00дө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Тоң районунун Шор-Булак, Оттук, Кара-Талаа, Кара-Шаар, Туура-Суу айылдарында күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун катмары бузулган

Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун үстүңкү катмары бузулган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Каимбаев билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, чыгымдын суммасы 11 млн сомдон жогору болууда.

“Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдын суммасын эсептеп жатат. Эсептелгенден кийин калыбына келтирүү иштеринин каржылоо булактары аныкталат”, — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ак-Сууда 3,5 млн сомго курулган ФАП ачылды. Сүрөт

Ак-Суу районунун Маман айылында ФАП ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ФАПка 3 млн 450 миң сом жумшалды. Айланасы көрктөндүрүлүп, медициналык шаймандар менен жабдылды. Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл эли катышты. Учурда 2 медицина кызматкери иштеп жатат.

Район боюнча жалпы 32 ФАП бар.

Булак: Турмуш сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өзбекстандын калкынын саны 35 миллионго жетти

2021-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 34,7 млн. Республиканын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын башынан бери өлкөнүн калкы 136,7 миң адамга көбөйгөн.

Бөлүм белгилегендей, жыл башынан бери республиканын калкы орто эсеп менен айына 45,9 миң адамга көбөйүп, туруктуу калктын өсүү темпи 101,9% түздү.

Эгерде калктын өсүү темпи биринчи кварталдагы көрсөткүч менен улана турган болсо, анда жыл аягына чейин Өзбекстандын калкы 35 миллион адамдан ашат деп божомолдоого болот.

А эми Кыргызстанда, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы 6 млн 637 миң жаран бар делип катталган. Анын ичинен 34 пайызы шаар жерин, 66 пайызы айыл жерин турактайт. Жалпы калктын 35 пайызын балдар, 57 пайызын орто курактагы адамдар, 8 пайызын карылар түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ысык-Көлдө 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди, алардын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдүн капиталдык ремонту толук бүткөн жана пайдаланууга берилген.

«Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан. Жаңы жугуштуу ооруканада дагы кошумча 35 койка-орундук болот. Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн: өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Даярдык иштери толук кандуу жүрүп, түнкүсүн да иштеп жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз деп ойлоп жатабыз», — деп маалымдады Мирбек Сагынбаев.

Ошондой эле, ал бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин камы жана ЖКК жетиштүү санда бар экендигин белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

БШК: 3,5 миллиондон ашуун шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 523 532 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 24-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешин шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-июль күнү саат 02:34тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Көл, Косо-Терек айылдарында, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-июль күнү саат 18:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токмок шаарында үч күндүк торпок 35 миң сомго бааланууда

Чүй облусунун Токмок шаарында үч күндүк торпок 35 миң сом деп бааланууда. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазып чыкты. Мунун себебин үч жылдан бери асыл тукум уйларды багып келе жаткан торпоктун ээси Салмат Мусаев мындайча айтып берген.

«Айрым адамдар эмне үчүн мынчалык кымбат экендигин түшүнбөшү мүмкүн. Бирок бул мал багуучуларды таң калтырбайт. Бул музоо — Голштин тукуму. Бир жылдан соң ал 80-90 миң сомдун тегерегинде болот. Бул тукумдагы уйлар күнүнө 40 литрге чейин сүт берет, ал эми букалар 250-300 кг эт берет ”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кытайдан 35 инженерди алып келгенге аракет кылып жатабыз, — министр Бейшенов

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш долбоору өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүнө алынган, деп билдирди транспорт жана коммуникациялар министри Жанат Бейшенов бүгүн, 20-майда парламенттин жалпы жыйынында.

Анын айтымында, учурда курулуш боюнча иштер жүрүп жатат жана быйыл асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгаруу пландалууда.

Ушул тапта Кытайдан 35 инженер келе албай жатат. Азыр аларды алып келгенге аракет кылып жатабыз. Эмки жылга жол белгилери, жол түзмөктөрүн орнотуу иштери калтырылат. Сапаты боюнча көп жылга жете тургандай кепилдик берилип жатат”, — деди министр. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрики

Нарын шаарында 35 айдоочу карантиндин талаптарын жана жол эрежесин бузган

Нарын облусунда COVID-19 инфекциясын алдын алууда ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери Нарын шаарынын тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында ИИМдин Нарын ОИИБнын жол кыймылынан билдиришти.

Текшерүү учурунда 35 айдоочу жол эрежесин бузуп, карантин талаптарын так сакташкан эмес. Бир адам мас абалында унаа башкарган. 11 айдоочунун унаасы айып жайга токтотулду.  

Сүйлөшүү учурунда айдоочуларга пандемиядагы жеке алдын алуу чаралары жөнүндө айтып беришип, жол эрежесин, карантин талаптарын ошондой эле өздөрүн, балдарын, мүмкүн болушунча үйүнөн же жашаган жеринен ашыкча чыкпоого тууралуу эскертүүлөрдү беришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өткөн суткада коронавирустун жаңы 35 учуру катталды

2020-жылдын 4-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учур катталды

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

Бишкек ш. – 26
Чуй облусу — 2
Нарын облусу – 1

Жалал-Абад облусу — 5
Баткен облусу — 1

Республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 830ге жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандар 3,5 млн дон ашты

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 3,5 миллондон ашты. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, коронавирус илдетин жуктургандар 3 505 761 адамга жетип, вирустан көз жумгандардын саны 247 431ди түзсө, дагы 1 125 104 бейтап илдеттен айыккан. Белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясы 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарында деңиз азыктарын саткан базардан тараганы айтылган.

Бүгүнкү күнгө карата, Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 795 кишиге жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Үймө-үй кыдырып текшерүүдө 35 жарандан вирус аныкталды

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-апрелде парламентте, үймө-үй кыдырып аныктоодо 35 жарандан вирус чыкканын билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, оорунун очогу болуп саналган 114 аймакта 805 миң адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 35 адам коронавирус илдетин жугузганы аныкталган.

Өкмөт башчы 1-майдан тартып үч баскыч менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалар санитардык талаптарды так аткарууга милдеттендирилгенин эскертти:

«Ар бир ишкана өзүндө иштеген жумушчулардын илдетке чалдыгышынын алдын алат. Эгер бир киши ооруса, аны менен кошо иштеген адамдардын обсервациясы жана башка чыгымдары ишкана жетекчилигинин мойнуна коюлат»​.

Эске салсак, Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишкана-мекемелердин ишке киришүү механизмин иштеп чыккан. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы киргизилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Ажылыкка бараткан 35 зыяратчы жол кырсыгынан каза болду

Сауд Аравиясында кичи хаджга (умрага) бараткан 35 зыяратчы жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты жергиликтүү полиция таянып Arab News агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, кырсык Мекка жана Медина автожолунда болгон. Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген зыяратчылар бараткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктан улам күйүп кеткен автобустун ичинде жалпы 40 адам болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Булак: Репортер кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button