Коом

Коронавирустан каза болгондордун саны 250 миң 134 адамга жетти

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 250 миң 134 адамды түздү.

Каза болгондордун көбү Италия өлкөсүнүн үлүшүнө туура келет – 29 079 адам. Экиничи орунда Улуу Британия (28 734  адам), үчүнчү орунда – Испания (25 264 адам). Ал эми Францияда бул көрсөткүч – 24 864.

Ошол эле учурда бул илдеттен айыккандардын саны 1,14 миллион адам. Айыгып кеткендер АКШда (180,3 миң адам), Германияда (132,7 миң адам), ошондой эле Испанияда (118,9 миң адам).

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусу менен байланышкан пандемия учурунда бардыгы болуп 3,57 миллион учур катталган. Алардын 1,17 миллиону АКШга туура келет. Бул көрсөткүч Испанияда – 217 миң учур болсо, Италияда ал – 211 миң учурду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button