Коом

Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө үлгүрдү

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкерлери күйүп баштаган унааны өчүрүп калышты.

Кырсык бүгүн, 5-майда 11:00 чамаларында борбор калаада болгонун ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Анда Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында, кызматка өтөп кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А. Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өртүү жайылышын токтотушту.

Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң Кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button