Коом
Дагы 4 медкызматкерден коронавирус табылды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 221 учур катталды, алардын ичинен 154 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.