Коом

Москвада коронавирус жуккандар 300 миңге жакындаганы белгилүү болду

Москванын мэри Сергей Собянин Москвада коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп экенин билдирди. «Шаарда чынында ооруп аткандар дагы көп экени талашсыз. Скринингдик изилдөөлөргө караганда алар Москванын жалпы калкынын 2-2,5% түзөт. Санга которсок 300 миңге жакын», — деди орус баш калаасынын мэри Собянин «Россия-24» каналына берген маегинде. Россияда 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан вирус аныкталып, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар экени айтылып, азырынча так саны белгисиз бойдон калууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button