Коом
Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында митинг-реквием өттү
Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.