Кылмыш-кырсык
Чек арадан мыйзамсыз өткөн 2 тажик жараны 1 айга камакка алынды
Баткендин райондук соту мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын эки жаранын 1 айга камакка алды. Бул кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Тажикстандын 2 жараны Баткен районунун Достук айылына кирип келип аткезчилик аракеттерди жүргүзүп жаткан жеринен 3-майда милиция тарабынан колго түшкөн.
Алар коронавирус илдетине карата текшерүүгө алынып, анализдери таза чыккан. Баткен райондук соту тажик жарандарынын баш коргоо чарасын карап, 1 айлык мөөнөткө убактылуу кармоо жайына камакка алуу чечимин чыгарган.