Коом

Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу кайрадан башталды

Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу кайрадан башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымат болгондой, тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага ылайык, аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик кызматтын өкүлдөрүн запаска бошотуу дагы кайрадан жолго коюлду.

Эске салсак, буга чейин, пандемиядан улам айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аскерге чакырууну токтотуп туруу жана кызмат мөөнөтү бүткөндөрдү үйүнө жибербей туруу чечими кабыл алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button