Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду үчүнчү антикризистик планын иштеп чыкты
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, үчүнчү антикризистик план төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыялык өнүм иштелип чыкты
Алар төмөнкү багыттарды камтыйт.
— сүт азыктарын өнүктүрүү багыты;
— эт азыктарын өнүктүрүү багыты;
— аквакультураны өнүктүрүү багыты.
2. Каржылоонун минималдуу босогосу 100 миң долларга түшүрүлдү
Өлкөнүн алыскы аймактарында ишкерлерди колдоо, ошондой эле Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын Талас, Баткен жана Нарын облустарында жеткиликтүү кылуу максатында насыялоонун минималдуу босогосу 200 миң доллардан 100 миң долларга түшүрүлдү.
3. Ишмердүүлүгү COVID-9 менен күрөшүүгө багытталган ишканаларага жеңилдетилген насыя берилет
Өлкөдө коронавирустук инфекция күч алгандыгына байланыштуу, фонд ишмердүүлүгү COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган ишканаларга жеңилдетилген насыя берүү үчүн атайын насыя өнүмүн иштеп чыкты. Жеке коргонуу, гигиена каражаттарын, медициналык шайман жана жабдыктарды чыгарган ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат.