Коом
12-майга карата 14 жарандан коронавирус аныкталды
Кыргызстандын аймагынан бир сутка ичинде дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында 10, Чүйдө бирөө, Жалал-Абад облусунда үчөө, Нарында жетөөнөн вирус чыкты.
«Вирус жуктурган жарандардын көпчүлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки жарандар басымдуулук кылып жатат»,-деди Үсөнбаев.