Коом

2019-жылы АКШнын 50 жараны Кытайга тыңчылык кылууда деп айыпталган

Улуттук контрчалгындоо жана коопсуздук борборунун директору Билл Иваниндин айтуусу боюнча АКШда 2019-жылы 50 адам КЭРге мыйзамсыз иштейт деп айыпталган.

Билл: «Кытай коммунисттик партиясы америкалык жашыруун сырлар менен интеллектуалдык менчикти уурдап алуу үчүн эч нерседен кайра тартпайт. Ошол себептүү азыркы «миңдеген таланттуулар» программасына (чет өлкөлөрдөн окумуштууларды тартуу боюнча КЭР программасы) өтө этият мамиле кылуу зарыл» — деп эсептейт.

Кошумчалай кетчү нерсе, өткөн аптанын үчүнчү күнү ФБР жана АКШнын  Кибер-инфраструктуралык коопсуздук агенттиги коронавирусту изилдеп жаткан уюмдун маалыматтарына кирүү боюнча аракет кылды деп Кытайга кине койгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button