Коом

Коронавирустун кийинки очогу Амазонка болушу толук мүмкүн

Коронавирустун кийинки очогу Амазонка токою болушу толук мүмкүн, деп эскертет бразилиялык эколог Дэвид Лапола. Бул тууралуу The Sciencealert жазып чыкты. Ал муну адамдардын жаныбарлар жашаган жерге басып кириши менен түшүндүрдү.

Лаполанын айтымында, жапайы аймактардын урбанизациясы жаныбарлардан адамдарга жугуштуу оорулардын жугуусуна шарт түзөт. Бул коронавируска да тиешелүү, аны илимпоздор адамга жукканга чейин жарганаттарда вирус болгон деп эсептешет.

«Амазонка — бул вирустардын чоң запасы» деди ал. «Экологиялык тең салмактуулук жоголгондо вирус айбанаттардан адамдарга жугушу мүмкүн» дейт Лапола.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button