Коом

Нур-Султан шаарында бала бакчалар 18- майдан тартып иштеп баштайт

18-майдан баштап, Нур-Султандагы бардык мектепке чейинки уюмдар, жеке менчик формасына карабастан иштей башташат. Бул тууралуу борбор калаанын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шолпан Кадырова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалар биринчи кезекте баласын үйдө калтырып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер үчүн иштей башташат.

“Ата-энелердин муктаждыгын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлөт. Бул үчүн, ата-энелер бир күндөн кийин баланын бала бакчага келиши жөнүндө мугалимге билдириши керек. Балдарды кабыл алуу жергиликтүү педиатрдан баланын ден-соолугунун абалы жөнүндө справка бар болгондо гана жүргүзүлөт ”, — деп түшүндүрдү Кадырова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button