Коом

Цукерберг интернет тармагын жөнгө салуучу кытай моделине каршы

Facebook башчысы  Марк Цукерберг дүйнө жүзүндө интернет тармагындагы  кытай моделинин жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Politico гезити билдирген.

Бельгиялык CERRE дискуссиялык аянтчасы тарабынан уюштурулган теледебаттардын жүрүшүндө Цукерберг кытай модели адам укугун тебелей тургандыгын айтып чыккан. «Бул (цензуранын кытайлык моделин жайылтуу) чыны менен опурталдуу. Мен мындай моделдин башка өлкөлөргө дагы таралып кетишинен кооптонуп турам», — деген өз сөзүндө сөзүндө Марк Цукерберг.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын октябрь айында ал Гонконгдогу бийликке каршы чыгуулар жөнүндө билдирүүлөргө цензура кабыл алгандыгы үчүн  Facebook атаандашы TikTok компаниясына кине койгон. Бирок, TikTok муну бир беткей четке кагып келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button