Коом

КР энергетикасы тууралуу эксперттин билдирүүсү

Кыргызстандагы энергетика жабдуусунун 90 пайызы эскирип бүткөн. бул тууралуу Улуттук энергетика холдингинин генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев билдирди.

Ал ушул «Генерация, өткөрүү, бөлүштүрүү, экспорт жана импорт» деп аталган онлайн-сессияда сүйлөгөн.

Абылаевге жабдуулардын абалы тууралуу суроо узатылган.

«90 пайызы эскирди. Бул өтө эле начар абал дегенди билдирет», — деди ал.

Адис ушу тапта жабдууларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, тизмеде Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтери бар экенин кошумчалады.

Булак: Спутник

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button