Коом

Британия мигранттарды өлкөгө киргизүүнүн жаңы эрежесин кабыл алды

Британия парламентинин Жамааттык палатасы Евробиримдиктен чыккандан кийин өлкөдөгү миграция жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окуудан кабыл алды. Бул Британия өкмөтү 2021-жылга карата түзүүгө убада кылып жаткан жаңы миграциялык системага карата болгон биринчи кадам болуп саналат.

Мыйзам долбооруна ылайык мындан ары Британияга барууну чечишкен мигранттар Борис Жонсон башында турган өкмөт тарабынан иштелип чыккан критерийлерге ылайык тиешелүү өлчөмдөгү баллдарды (жок эле дегенде 70 балл) топтой алганда гана өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми баллдар талапкердин кесиби, квалификациясы, билими жана жаш курагы өңдүү объективдүү мүнөздөмөлөргө ылайык топтолот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button