Коом

Үйлөнгөндөн бир айдан соң башканы сүйүп калдым

Мен аруулукту, тазалыкты , туруктуулукту сенден көрдүм. Азыркы заманда сендей асылдар аз экенине өкүнөм. Бизди жумушубуз тааныштырып, табыштырды. Фрунзеде ал кассада турат, мен болсо СБ болуп иштейм. Тагдырдын тамашасын кара, менин үйлөнгөнүмө бир ай эле болгон. Аны деле жакшы көрүп алгам. Бирок баш айланткан улуу сезим такыр башка экен. Сен менен чогуу кезекте калуу үчүн мен үчүн майрам. Түн ичинде киши аз болгондо, тамеки, сагыз, шоколад тизебиз. Алардын бирин сага карматпай өзүм жасайм. Жайдары күлүп карап тура бересиң.

Кээде, үйдө да ушинтип жубайыңызга жардам бересизби деп жарама туз сээп турасың. Мен сага баш кошуп алсамбы дейм, бирок аялымдын убалы кимге. Кокус боюна бүткөн болсо баланын убалы кимге. Ал байкушум деле жан алы калбай сүйүп турат. Ар убак жумушка шашып турам. Сени көрүү үчүн жумушта сенин эле жаныңда катып кечке турам. «СБ удаление» дегениңде баарынан биринчи жетем, шылтоолоп колуңдан кармоо үчүн.

Көздөрүң күйүп турат, ичинде кири жок кандай аруу жансың. Мен билбейм бул отто канча күйөм. Алаксыйм, аялымды ойлоп жатып эле билбейм кайра кантип сен оюма кирип аласың. Сени көп ойлоп жүрүп, кээде аялымды чакыраарда сенин атыңды айтып ийе жаздайм. Жашоодо башка, кыялда башка менен жашаган кыйын экен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button