КоомКылмыш-кырсык
МАИ кызматкери өзүнө атып, каза тапты
Жайыл районунда Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери өзүнө ок атты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда АКИpress агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.
Болжолдуу маалымат боюнча, окуя бүгүн саат 12:00 чамасында болгон. Милиция кызматкери кызмат учурунда алган табелдик куралынан өзүнө ок атып каза болгон.
Булак: АКиПресс