Коом

Гонконг иштерине кийлигишүүсүнүн токтотпосо Кытай АКШга карата чечкиндүү чараларды кабыл алат

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүнөн кийин КЭР Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Анда АКШ Гонконгдун иштерине кийлигишүүсүн токтотпосо, Кытай чечкиндүү чараларды кабыл алары тууралуу айтылат.

Эске сала кетсек, Марк Помпео 1997-жылы Улуу Британия тарабынан Кытайга өткөрүп берилип жаткан учурдагы автономиясын Гонконг жоготуп койгондугун айтып чыккан.

Буга жооп кылып КЭР Тышкы Иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик катчысы Помпеонун: — Кытай Өкмөтү тарабынан демилгеленип жаткан  «Улуттук коопсуздук жөнүндө» мыйзамы  Гонконгдун өз автономдуулугун жана эркиндигин жоготуусу менен аяктайт-деген билдирүүсү кытай элинин кыжырын келтирип жаткандыгын, эгерде Гонконг боюнча Кытай мамлекетинин ички иштерине кийлигишүүсүн токтотпосо, Америка сөзсүз түрдө 1,4 млрд. кытай элинен чечкиндүү мүнөздөгү контрчараларына дуушар болорун кошумчалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button