Коом

Штаб жүргүнчүлөр боюнча бир катар эскертүүлөрдү берди

8-майдан тарта ички каттамдар жандана баштайт. Мындан улам жүргүнчүлөр үчүн Республикалык штаб бир катар эскертүүлөрдү берди.

Урматтуу жүргүнчүлөр!

Аткарылып жаткан чартердик каттамдарга жана кайра жанданышы пландалган ички туруктуу авиакаттамтарга байланыштуу аэропортторго эртерээк келүүнү сунуштайбыз. COVID-19 боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алып, аэробекеттик комплекстердин имараттарына кагазга чыгарылган авиабилетин же уюлдук аппараттарда электрондук билетин көрсөтүү менен авиажүргүнчүлөр жана жашы жете элек балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды коштоочу адамдар гана киргизилет. Аэробекеттик комплекстердин кире беришинде термометрикалык көзөмөл жүргүзүлөт.

Сиздердин коопсуздугуӊуздарды камсыздоо максатында аэробекеттердин ичинде беткап тагынуу тартибин так сактоого чакырабыз.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button