Коом
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабаралашты.
Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьер-министр Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугат.
«Алар эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыккан чыр-чатак боюнча жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле Кубатбек Боронов укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу менен ыкчам жыйын өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.