Коом

Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чыккан чырдан 25 адам жабыркады

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан жаңжалдын кесепетинен Айдаркен шаардык жалпы дарыгерлер борборуна жалпы 25 жабырлануучу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 4 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Алардын экөөнүн абалы операциядан кийин оор деп бааланып жатат, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Дагы эки бейтап хирургия бөлүмүнө жаткырылды, абалы орто оор. Калган 21 адам биринчи медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

«Жабырлануучулар зарыл болгон дары-дармек менен камсыздалды. Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог менен травматолог жөнөтүлүп, жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button