Коом

Армениянын премьер-министринен коронавирус аныкталды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян үй-бүлөсү менен чогуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айткан.

«Мен коронавирус инфекциясына каршы тест тапшыргам. Менден инфекция аныкталды. Андан кийин менин үй-бүлө мүчөлөрүм текшерүүдөн өтүштү, тилекке каршы, алардан да коронавирус инфекциясы аныкталды», — деген Пашинян.

Мындан тышкары премьер-министр өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү өзүнчө обочодо жүргөндө үйдөн эле иштей берээрин айткан. Ошондой эле ал башкаруучулук ишин улантууга үйүндө бардык шарттары бар экендигин кошумчалаган.

Эске салсак, Арменияда коронавирус инфекциясы жалпы 9 миң 282 адамдан аныкталып. 131 адам каза болсо, 3 миң 386 бейтап айыгып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button