Коом

Британия гонконгдуктарга жарандык берүүнү көздөөдө

Форин-кеӊсесинин башчысы Доминик Раабдын билдирүүсү боюнча эгерде саясий укуктарды чектей турчу жаңы мыйзам Пекин тарабынан кабыл алына турган болсо, Британия Гонконгдун үч миллион тургунуна жарандык берет.

Өткөн жумада башталган Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү жыйынынын сессиясынын күн тартибине киргизилген автономия коопсуздугу жөнүндө Мыйзам долбоор кабыл алынса, Гонконг аймагында болуп өткөн, ошондой эле Пекин бийлигинин оюу боюнча улуттук коопсуздукта коркунуч жаратты деп эсептелген ар бир аракеттер үчүн кылмыш иши козголот.

Аталган мыйзам ушул жылдын август айында күчүнө кирүүсү ыктымал. Доминик Раабдын оюу боюнча Британия Пекиндин мындай кадамына көз жуумп койбошу керек. 1997-жылы Лондон Гонконгду өзгөчө шарттар менен КЭРге өткөрүп берген. Кызыгы, Британиянын мурдагы колониясынын тургундары бул материкте эзели болуп көрбөгөн эркиндиктерге ээ.

Ал эми кабыл алынуучу жаңы мыйзам гонконгдуктардын укуктарын чектөөсү, деги эле басмырлоосу мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, Бул маселе Гонконгдо буга чейин эле массалык каршылыктарды жаратып келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button