КоомЭкономика

«Торугарт» өткөрмө пунктунда жүк ташуу 8-июндан тарта иштей баштайт

Кыргызстан менен Кытай тараптын эки тараптуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин 8-июндан тарта жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алгачкы этапта көзөмөл-өткөрмө пункт Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуу үчүн гана иштейт.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун ачуу жана анын иши тууралуу деталдуу маселелер жакынкы убакытта эки өлкөнүн компетенттик органдары менен макулдашылат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button