Коом

Ысык-Көлгө эс алууга баргандарды тейлөө жаңы тартипте жүргүзүлөт

Жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалар үчүн, жүргүнчүлөрдүн маалыматы жана бара турган дареги камтылган каттоо формасы иштелип чыкты. Чет өлкөдөн жана эпидемиологиялык абалы начар жерден келген жүргүнчүлөр «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик постунда каттоого алынат. Ошондой эле, постто медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилет. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында туристтик сезон маалында төмөнкүдөй тартип иштей баштайт.

-Пансионаттар жана башка эс алуучу жайлар эс алууга келген конокторду атайын журналга каттоого алат. Ар бир кардар, бир үй-бүлө мүчөсү болбогон учурда, бөлмөгө жалгыз жайгашышы керек. Саламаттыкты сактоо министринин бекитилген эрежелерине ылайык, бир эс алуучуга 6 чарчы метр жер каралган. Биз үчүн калктын ден соолугу биринчи орунда.

-Балдардын эс алуу лагерлери 25-июндан баштап тиешелүү адистер тарабынан каралып чыккандан кийин ачылат. Уруксат берүү укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилди.

-Мечиттерде социалдык аралыкты сактоо керек. Саламаттыкты сактоо тармагындагы адистердин берген сунуштарына ылайык, мечиттерде социалдык аралыкты сактоо керек. Мечиттерди ачаар алдында санэпидемкөзөмөлдүн жана ӨКМ адистери мечиттердин кызматчыларына объектини туура дезинфекциялоо боюнча окууларды өткөрүшөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button