Коом

Японияда күндүн ысыгынан беткапсыз жүрүүгө уруксат берилди

Япониянын айлана чөйрөнү коргоо министрлиги күн ысыгандыктан жарандарды көчөдө жүргөндө тийиштүү аралык сактоо менен беткапты чечүүгө чакырууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары  жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, жума күнгө карата Японияда күн кескин ысып кеткен. Түшкө чейин эле Гифуаймагында абанын температурасы  +32 градустан ашса, Фукусимеде +31ге жеткен, Токиодо +29,7 градус ысыган.  Күндүн соңуна чейинОитада +34, Окаяма, Киото жана Оита шаарларында +33, Токиодо  +31 градуска чейин ысык болорун синоптиктер эскертишүүдө.


Аптаптуу ысыкты эске алуу менен, айлана чөйрөнү коргоо министрлиги беткапчан физикалык оор көнүгүүлөрдү жасоодон баш тартууга, тез-тезден суу ичип турууга жана сыртта жүргөндө башка адамдар менен тийиштүү аралыкты сактоо менен беткапты чечүүгө чакырган. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button