Коом

Ханзаада Уильям иниси Гаррини үйгө кайтууга чакырды

Ханзаада Уильям иниси Гарри менен жубайы Меган Марклды Улуу Британияга кайтууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым  болгондой, падышалык үй-бүлө АКШдагы башаламандыктан улам Гарри менен Меган Марклдын коопсуздугуна тынчсызданууда.

Эске салсак, 29-майдан тартып АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялар башталган.

Буга чейин, өздөрүнө кымбат кароолчу жалдаганы айтылып, ханзаада Гарри менен Меган Маркл каржы жагынан кыйналып жатышат деген маалымат тараган. Алар падышалык укуктардан ажыратылгандан кийин жетиштүү айлык акы төлөп берген, татыктуу жумуш таба алышкан эмес. Анын үстүнө кырдаалга коронавирус пандемиясы да таасир эткен.

Мындан улам, ханзаада Уильям кичүү инисине мурдагы жетиштүү, коопсуз жашоосуна келүү үчүн үйгө кайтууга чакырган.

Жубайлар Лос-Анжелес шаарына Канададан март айынын соңунда көчүп кетишкен. Алар падышалык укуктардын баарынан баш тартышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button