Коом

ММК: Байден талапкер катары жетиштүү добуш чогулта алды

Ассошиэйтед Пресс басылмасынын билдирүүсү боюнча АКШнын Вице-президенти Жо Байден президенттик шайлоого өз талапкерлигин расмий түрдө жылдыруу үчүн делегаттардын жетиштүү өлчөмдөгү добуштарына ээ болду.

Агентчиликтин билдирүүсүнө караганда өз талапкерлигин расмий жылдыруу үчүн претендент жок эле дегенде 1991 делегаттын колдоосуна ээ болуусу зарыл. Ассошиэйтед Пресс басылмасынын аналитиктеринин эсеби боюнча учурда Байден 1993 добуштун ээси.

Белгилей кетсек, акыркы атаандашы болгон Берни Сандерс шайлоо өнөктүгүнөн чыгып калгандыгына байланыштуу Жо Байден президентикке өз талапкерлигин койгон жалгыз демократ болуп саналат. Президенттик шайлоолор үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрына белгиленген. Республикачылар болсо Ак үйдүн азыркы ээси Дональд Трампты экинчи мөөнөткө жылдырышат. Ал эми партиялардын талапкерлерди жылдыруу боюнча съезди август айына белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button