Коом

Майлуу-Сууда суу бойлой эскертүү белгилери орнотулду

Жай мезгили башталып, абанын температурасы жогорулаган сайын сууга түшүүлөрдүн саны көбөйүүдө. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суу кырсыктарынын алдын алуу максатында сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулду.

Милиция кызматкерлери шаар аймагын аралап өткөн дарыя бойлоруна, көлмөлөргө барышып, жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү. Ошондой эле ата-энелер менен жолугушуп, балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектигин эскертишти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button