Коом

ВИДЕО -“Биз айбан эмеспиз”. Нарын эли Илим Карыпбековдон кечирим сурашын талап кылышты

Нарындын эли КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековду кечирим сурашын талап кылышууда. Алар журналистке атайын видеокайрылуу жасашты.

Кайрылууда эл эч кандай жол тосулбаганын айтып, эки айылды бириктирип талашка түшкөн маселени чечип берүүлөрүн талап кылышты.

Эске салсак, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагына 150дөй киши жайлоого барчу жолду тосуп алган. Алар «Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз» деп чогулушкан. Аларга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолуккан эле.

Аталган окуя боюнча КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан Нарын элине видеокайрылуу жасаган. Журналист өз кайрылуусунда талашка түшкөн жайлоого бир түтүн эмес, 100 түтүн батаарын билдирген болчу.

https://youtu.be/77AkH00fZPw

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button