Кылмыш-кырсык

УКМК: Пара талап кылган Талас мэриясынын кызматкери кармалды

Пара талап кылган Талас мэриясынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-июнунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу (МНБ) башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Талас облустук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button