Коом

9-июнга дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү

2020-жылдын 9-июнуна карата маалымат боюнча республиканын аймагындагы туруксуз аба ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли өзгөрүлүп турду, кээ бир дарыяларда 1-12 смге чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Республиканын аймагындагы дарыяларда суунун агымы, көп жылдык байкоолордун жана төмөнкү ченеминдеги агымында байкалып, 39-115%ды түздү. Жогорку ченемдеги суунун агымы: Чоң-Ак Суу, Жети-Өгүз, Ала-Арча, Ур-Марал жана Күмүш-Тоо дарыяларында 134-158%да байкалды.

Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормадан: Орто-Токой — 48%, Киров — 9%, Токтогул — 77%ды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button