Коом

«Бишкек-Ош-Бишкек» авиа каттамынын графиги

«Манас» Эл аралык аэропорту» 2020-жылдын 12-июнунан баштап «Бишкек-Ош-Бишкек» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдарын күнүнө эки жолу аткарат. Каттамдарды «Тез Джет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу)

Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);

Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).

Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын-ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек.

Бардык жүргүнчүлөрдөн сунушталган сактык чараларды ынанымдуу сактоолорун өтөбүз.

Эскертебиз, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат, аларда коргоочу беткап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button