Коом

Бишкек троллейбус башкармалыгы жүргүнчүлөр арасында беткап кийүү боюнча рейд жүргүзүүдө

Бишкек троллейбус башкармалыгы жүргүнчүлөр арасында беткап кийүү боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу маалыматты аталган башкармалык өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Иш-чара Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүүдө. Шаардык мэрия жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери троллейбустардын ичинде санитардык талаптардын аткарылышын, анын ичинде беткап тагынуу эрежеси сакталып жатканын текшерүүдө.

«Тийиштүү кызматкерлер жүргүнчүлөрдө беткап жок болсо, анда аны троллейбустан чыгып, дарыканадан беткапты сатып алуусун суранууда. Андан кийин коомдук унаага кирүүгө уруксат берилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button