Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Коопсудук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралууда.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.