Коом

Видео — Бишкекте өкмөт үйүнүн астында митинг өтүүдө

Учурда  өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Митингге келгендер Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунан келишкен. Чогулган жарандар үлүш жерлерин трансформациялоону талап кылышууда.

Өкмөт үйүнүн астына  50дөй адам чогулган. Митингчилер премьер-министр Кубатбек Бороновдун өзү чыгып, жооп берүүсүн талап кылуу менен, өкмөт башчы сыртка чыкмайын аянттан кетпей тургандыктарын билдирип жатышат.

Маалым болгондой, буга чейин, Кубатбек Боронов премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жатканда кызыл китеби чыга элек Бишкектеги бир катар конуштардын жерлерин трансформациялоо боюнча өкмөт мыйзам даярдап Жогорку Кеңештин   кароосуна жөнөткөнүн билдирген.  

https://www.youtube.com/watch?time_continue=4&v=f2RIrW2uGvU&feature=emb_logo

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button