Коом

Помпео туткунга түшкөн канадалыктарды бошотууга чакырды

Помпео тутукунга түшкөн канадалыктарды бошотууга чакырды

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео канадалык жарандарга карата Кытай бийлиги тарабынан коюулуп жаткан айыптарды курулай жалаа жабуу деп билдирди. Мамкатчы: «Канадалык жарандар Майкл Ковриг жана Майкл Спейворго каршы айып тагуу боюнча КЭРдин чечими АКШ бийлигин тынчсыздандырбай койбойт. Америка Канаданы колдойт жана өз кезегинде тыңчылык боюнча айыпталышып, абакта отурушкан канадалык эки жарандын эркиндикке чыгышын талап кылат»-дейт.

Белгилей кетсек, Кытай бийлиги буга чейин Кытай улуттук коопсуздугуна шек келтирди деген айыптоолор менен Майкл Ковриг жана Майкл Спейворду камакка алгандыгы тууралуу Канада элчилигине билдирүү жөнөткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button