Коом

Коомдук транспорттордун каттамы бүгүн, 26-июнда саат 22:30да токтотулат

Бишкекте ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулат. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан автобустардын, троллейбустардын жана маршруттук таксилердин каттамы саат канчада токтотуларын кабарлашты.

Ага ылайык, коомдук транспорттордун каттамы бүгүн, 26-июнда саат 22:30да токтотулат. Ал эми каттамдар кайра дүйшөмбү күнү, тагыраагы 29-июнда саат 06:00дө жанданат.

«Көрсөтүлгөн убакытка чейин үйүңүздөргө жетип алыңыздар. Ишкана, мекемелердин жетекчилигине кайрылып, кызматкерлердин коопсуздугу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү, мүмкүн болсо аралыктан иш алып барууну же транспорт менен камсыз кылууну сунуштайбыз.

Ошондой эле шаар тургундарын зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай отурууга чакырабыз», — дешти мэриянын басма сөз кызматынан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button