Без рубрики

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Акелен Кусаков көз жумду

1-июль күнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру Акелен Кусаков 69 жаш курагында катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы тараткан некролог:

Акелен Кускаков 1951-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган.

1972-жылы Кыргыз мамлекеттик акдемиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга кирип, аны 1974-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылы Ташкент шаарындагы Н.Островский атындагы көркөм театр институтуна кирип, 1979-жылы кино жана театр актеру адистигине ээ болгон.

1986-жылы Москва шаарындагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун курсун аяктап, режиссерлук кесипке да ээ болгон.

1979-жылдан 1991-жылга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында режиссер жана актер болуп эмгектенген.

1991-жылдан бери К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында режиссер-коюучу болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

2011-жылдан 2016-жылга чейин М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. 2016-жылдан бери эмгек жолун кайрадан Ысык-Көл театрында улантып келген.

Акелен Кускаков чыгармачылык жолунда театрда режиссер-коюучу катары көптөгөн спектаклдерди сахналаштырган: Ж.Кулманбетовден «Манас, Манас болгону…», М.Байжиевдин «Алтынчы күнү кечинде», А.Чекировдун «Кызыл профессор», Д.Сариевдин «Кайран эл», Б.Шалдыровдун «Махабат азгырыгы», Д.Сариевдин «Апийим гүлдөгөндө», Р.Оторбаевдин «Жарык кайда?», Ж.Кулмамбетовдун «Алаамат келген күн», Д.Баратбаеванын «Каармандар сүйлөйт» жана башка көптөгөн кыргыздын белгилүү драматургдарынын заманбап жана классикалык чыгармаларын театрларда сахналаштырып, ийгиликтерге жетишип, бир нече сыйлыктардын жана фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.

Кыргыз маданиятынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып, 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы менен сыйланган. 1995-жылы «Манас -1000» медалын алып, 2011-жылы Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

А.Ж.Исмаилова, А.К.Жаманкулов, К.Б.Базарбаев, К.О.Иманалиев, Ж.О.Кулмамбетов, С.А.Раев, Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, М.С.Шаршенбаев, Ж.Сейдахматова, Н.И.Мамбетова, М.У.Алышпаев, А.А.Абдыкалыков, Г.К.Каниметова, Э.Бекболиев, З.М.Сооронбаев, М.Шарафитдинов, Т.А.Абдразаева, К.О.Сейдалиева, Д.С.Баратбаева, А.Набиева, К.М.Абылов, Т.С.Сатаров, Ш.Дүйшөнкулов, Д.Б.Нургазиев, К.А. Акматова, А.А. Өзүбеков, Е.Ю.Кузнецов, Т.К.Сманбеков, О.Б.Айдаров, Ш.А.Шейшенов, Ш.А.Бекташев, А.А.Абдуразаков, Б.Ч.Куланбаев, С.Т.Берикбаев, А.Алыбаев, Т.Апиев, А.А.Текешов, Ж.Ж.Аманкулов, К.Б.Абдрахманов, А.Д.Исаков, М.М.Бердишев, Т.Жумагазиев ж.б

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button