Иш бар жерде сын айтылат! Президенттин азыркы аракетине саясатчылар эмне дейт?
Азыркы тапта дүйнө коомчулугунда анын ичинде Кыргызстанда пандемия күч алган убакта эл арасында айрым адамдар бийликке сындарды айтып, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун дарегине дагы ар кандай ушак, жалган жалаа жаап, айың кептерди таратып жатышат. Саясатчылар болсо бул сындар мыйзам ченемдүү экенин белгилешип, өлкө башчысы учурдагы кырдаалда болгон аракетин жасап, кол алдындагы аткаминерлерге бат-баттан онлайн жолугушууларды өткөрүүдө. Аларга тийишттүү тапшырмаларды берип, абалды өз көзөмөлүнө алып жатканын коомчулук деле күбө.
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер : Жээнбеков кандай айтсак дагы коомду, мамлекетти консолидация кылуучу жалгыз легитимдүү Институт
-Президентке карата чабуул жасап, уюштуруп жаткандар бир чындыкты жакшы түшүнсө дейм… Учурда Өлкө үчүн башаламандык өлүмгө тете… Азыр бирдеме болуп кетсе бир дагы саясий лидермин дегендин, бир дагы саясий партиянын бийлигин жалпы эч ким тааныбайт, моюнга албайт… баш ийбейт… Эч бир киши элдин алдына чыгып толкунду токтото албайт… Андай инсан жок!!! Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков кандай айтсак дагы коомду, мамлекетти консолидация кылуучу жалгыз легитимдүү Институт, башка жок. От менен ойнобойлу, бир колубуздун ачуусун бир колубуз менен басып, сабыр кылалы… Алааматтан чыгып кеткенче биримдикти сактайлы. Ар кимдин жооп берчү учуру алдыда… Азыр кимибиз жашайбыз, кимибиздин ажал бул дарттан экендигин бир Кудай билбесе эч ким билбейт…. Аман бололу! Жараткан ошол күндөргө жеткирсин дейли…
Алмазбек Акматалиев, саясий серепчи: Президент азыркы абалга сабырдуулук менен тийишттүү чараларды көрүүдө
-Буга чейин Президент пандемия боюнча өзүнүн кайрылуусун билдирип, азыркы убакта дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик органдарга коомчулук тарабынан кызматына болгон талап күч алганын айткан. Азыр калк арасында оору күчөп, өлүм көбөйүп жатат. Бул учурда сындар албетте айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке ар кандай кептер, сындар айтыла берет. Бул сындарга мамлекеттик органдарга даяр болушу керек. Президент деле абалды көрүп жатат. Бардык кырдаалга көз кырын салып, сабырдуу, оор басырыктуу кабыл алып жатат. Бийликте отурган өкмөткө, облус башчыларына тийишттүү талаптарды, тапшырмаларды берип, онлайн жолугушууларды бат-баттан уюштурууда. Анда учурдагы кырдаалда иштин жүрүшү менен таанышып жатат. Дагы баса белгилеп кетчү жагдай азыркы кырдаалда Кыргызстандын финансылык жана медициналык мүмкүнчүлүгү кандай? Бул маселени азыр эле пайда болуп жаткан жери жок. Мурунтан бери көтөрүлүп жаткан маселе. Ошондуктан биз биримдике келип, бийлик, жарандык коом, ишкерлер бир мүштүмгө түйүлүп, бул оору менен күрөшүп, жеңип чыгышыбыз керек.
Табылды Акеров, саясат таануучу: Азыркы айтылган сындар ачууга алдырып жибергенден чыгып жатат
-Азыр Кыргызстанда илдет кескин түрдө күч алды. Ошого кээ бир адамдар ачууга алдырып деле сын айтса деле президенттин атын айтып жатышат. Мындай процесс бардык эле жерде жада калса мурунку мурунку президенттердин убагында деле болуп келген. Ошондуктан эл оозунда айтылган сындар арасында ачууга алдырып айтып алгандар бар.
Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Президентке сын айткандар алар популисттер
— Пандемия толкуну азыр бир эле Кыргызстанда гана эмес дүйнө күрөшүп жатат. Кырдаалдан пайдаланып Президентке эле күчүн чыгара берген күчтөр бар. Алар паникага мындайча айтканда дүрбөлөңгө алдырып жатышат. Бир мисал келтирейин мурун Израиль өлкөсүндө бир чума каптаган экен. Эл башчылары чуманы тараткандардан канча адамдын өмүрүн алганы келдиң деп сурашат. Ал: 5 миң адамды дептир. Кийин 15 адам чумадан каза болот. Ошондо элди башкаргандар эмнеге чумадан 15 миң өлдү бизге 5 миң эле адам өлөт дедиңер элего деп сурашат. Он миңи дүрбөлөң түшүрүп, коркуп өлүп калды деп жооп берет имиш. Анын сыңары азыр президентти сындап жаткандар эмнеге сындап жатышканын өздөрү билишпейт. Алар бийликти сындап, популистик кылып элге жагылдангандар. Алар көпкө барышпайт. Ошого ооруну шылтап отурбай ар бир жаран мен илдет менен күрөшүүдө эмне иш кылдым? Деген суроону берип, жоопкерчиликти моюнуна алса илдет деле кетет.
Булак: Кadam-media.kg