Коом

Өзбек ажыны Президенттин көзөмөлүндө «Тез жардам» унаасы алып кетишти

Дин аалымы Өзбек ажы Чотонов буга чейин коронавирус менен ооруп жатканы айтылган. Азыр абалы орто деп бааланып, Бишкектеги Фучиктеги ооруканага жаткырылмай болду. Бул тууралуу Улукбек Карыбек уулу билдирди.

«Урматтуу бир туугандар, Өзүбек ажыкебизди Токмоктон Бишкекке которуу боюнча аракетибиз текке кетпей, бүгүн эрте менен Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Мусаевич байланышка чыгып, Президенттин көзөмөлүндө экендигин билдирди. Азыр ажыкебизди Бишкекке Фучиктеги ооруканага тез жардамда алып келе жатышат. Абалы орто бойдон калууда»,-деди Карыбек уулу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button