Коом

Россиялык аскерлер Кант шаарынын көчөлөрүн COVID-19га каршы дезинфекциялашты

Канттагы россиялык аскер базасынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу адистери шаардын көчөлөрүн жана коомдук жайларды коронавирус илдетине каршы дезинфекциялашты. Борбордук аскер округунан билдиришкендей бул иш-чара Кант шаарынын администрациясынын атайын кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн.

Көчөлөрдү, коомдук унаалар токтоочу жайларды, базаларды, эл көп чогулган жерлер менен медициналык мекемелерди илдетке каршы тазалоо иштерине россиялык аскер базасынын аэдромдук-техникалык бөлүмүнүн өздүк курамы менен штаттык атайын техникасы тартылган.

Белгилей кетсек, Канттагы аскердик база Борбордук аскер округунун структурасы кирет жана Жамааттык күчтөрдүн авиациялык компоненти болуп саналат. Ошондой эле база Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге киришкен мүчө-мамлекеттердин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button