Коом
«Абитуриент онлайн» деген автоматташтырылган маалыматтык тутум иштелип чыкты
Кыргызстанда 43 миңден ашуун бүтүрүүчү реалдуу режимде жалпы республикалык тестирлөөдөн бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы менен өткөрүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Исаков 22-июлда Президент менен онлайн кеңешмеде маалымдады.
Министрдин берген маалыматына ылайык, 2020/2021-окуу жылына жогорку жана орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн-форматта ишке ашырылат
Бул үчүн «Абитуриент онлайн» деген автоматташтырылган маалыматтык тутум иштелип чыккан.