Коом

Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү

2020-жылдын 28-июлуна карата маалымат боюнча республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли, 1-14 смге көтөрүлдү, Нарын жана Чүй дарыяларында 24-27смге жогорулады, ал эми калган кээ бир дарыяларда суунун деңгээли өзгөрүлүп турду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Республиканын көпчүлүк дарыялардагы суунун агымы көп жылдык байкоолордун ченемдеги агым байкалды. Жогорку ченемдеги агым, 131-159%да, Ак-Суу (Семеновка), Жети-Өгүз, Сокулук, Чоң-Кайынды, Беш Таш жана Тентек Сай дарыяларында байкалды.

Төмөнкү ченемдеги агым, 38-75%да, Каракол (Кашка-Суу), Чоң-Кемин, Кегети, Кара-Балта, Күркүрөө-Суу, Падыша-Ата, Көгарт, Майлуу-Суу, Ак-Буура, Араван-Сай, Каракол(Косчан), Исфайрам-Сай жана Кара-Дарыя бассейиндеги Кемпир-Абад суу сактагычына куйган дарыяларда байкалды.

Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормадан:Орто-Токой — 104%, Киров -17%, Токтогул — 101%ды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button