Коом
Балбак Түлөбаевдин ордуна Адилет Малдыбаев кызматка киришти
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.
Жаңы жетекчи Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.
Малдыбаев 31 жашта, Каракол шаарында туулган. Аталган калаадагы №11 Максим Горький атындагы мектеп-гимназиясында окуган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү.