Коом

Кырдаалга жараша алгач Россия, Түркия жана Араб Эмираттарынан каттамдар жанданат

Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо биринчи иретте Россия, Турция жана Араб эмираттарынан каттамдар жанданат. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

“Эл аралык авиакаттамдарын жандандыруу боюнча штабдын чечими бар. Өзүңүздөр билгендей тышкы каттамдар эки тараптан чечилчү маселе. Азыркы учурда атайын кызматтар, тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттер менен мурунку жүргүзүлүп жаткан каттамдардын кайсынысы биринчи жандандырылаары тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эпидемиологиялык абал жакшырып туруктуу болсо эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Биринчи иретте каттамдар Россия, Турция, Араб эмираттары тараптан жүргүзүлөт”, — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button