Коом

Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды

Буга чейин шаардык штабдын 13-июлда өткөн жыйынында мэр түнкү стационар ачуу боюнча тапшырма берген. Ага ылайык ЖАМУнун спорт залы тандалып алынып, шаар бийлиги керектүү шарттарды түздү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Жалал-Абад биримдиги” кыймылы түнкү стационарды дарыгерлер менен камсыздады. Бүгүнтөн тарта түнкү стационар жарандарды кабыл алууга даяр.

Шаар бийлиги тарабынан 5 даана кычкылтек концентратору жана 15 даана коргоочу формалар тапшырылды. 20 орунга ылайыкташкан түнкү стационар кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 08:00гө чейин иштейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button